Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө канча каражат сарпталганы айтылды

Учурда канча каражат демөөрчүлөр тарабынан берилгендиги айтыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын уюштурууга республикалык бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго шилтеме кылып билдиришти.

Көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталып, 1 млн. сом жана аргымак тартууланды
Ал эми быйыл өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарынын байге фонду 20 миллион сом болсо, маданий иш-чараларга жети миллион сом жумшалган. Учурда канча каражат демөөрчүлөр тарабынан берилгендиги айтыла элек.

Бороновдун айтымында, бүгүн жыйынтыкталып жаткан ДКО көчмөн элдин тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болду. Андан сырткары, ал көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары 2020-жылы Түркияда өтө тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, эки жыл мурун өткөн оюндарга 258 миллион сом бөлүнгөн.