Талас Бегалиев: казак улакчыларына капабыз, Өзбекстанга атайын утулуп берди

Кечээ Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү оюнунун жарым финалында Казакстандын командасы Өзбекстанга 4:5 эсебинде жеңилген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Интернет тармагында Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиев казак улакчыларын "Өзбекстандын спортчуларына атайын утулуп бердиңер" деп, нааразычылык айткан видеосу тараган.

Бегалиев менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы байланышты.

Анын айтымында, казак командасы финалда кыргыз улакчылары менен оюн талаасына чыгууну каалаган жок.

"Көк бөрү чөйрөсүндө көп убакыттан бери аралашып жүргөндөн кийин оюнчулардын мелдешке болгон мамилесин, берилүүсүн билебиз. Атка шылтаган болбойт. Видеодон жакшылап көрсөңөр, алар ойногон жок. Казак туугандар биз менен финалга чыккандан коркуп эле өзбек командасына утулуп койду. Себеби мурдагы оюнда биз уткан болчубуз, алар качып коюшту. Көчмөндөр оюнунун көркүн чыгарып беришсе болмок да, биз капабыз. Казак улакчыларынын бири өздөрүнүн федерациясы тарабынан "ойнобой эле койгула" деген сөз болгонун айтты", — деди Бегалиев.

Ошондой эле Бегалиев финалда улуттук курама команда Өзбекстандын көк бөрүчүлөрүн эч тоскоолдуксуз, ири упай менен жеңе ала турганын кошумчалады.

Ал эми Казакстандын курама командасынын машыктыруучусу комментарий берүүдөн баш тартып, спортчулар коло байге үчүн ойной турганын кошумчалады.