Жигиттерди кылчайтып, Кырчынды көрктөгөн көчмөн кыздар. Көз күйдүргөн сүрөттөр

Sputnik

Бүгүн, 6-сентябрда Кырчын жайлоосундагы этношаарча өз ишин токтотуп, Көчмөндөр оюндарына арналган маданий иш-чаралар жыйынтыкталды. Төрт күн бою бул жерге миңдеген адамдар келип кыргыздын тарыхы, үрп-адаты, маданияты жана ажайып жаратылышы менен жеринен тааныша алды. 

Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео
Бул күндөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков жигиттерди кылчая каратып, Кырчындын ичин көрккө бөлөгөн кыздарды кадрга түшүргөн. 

Кең жайыкка миңден ашуун боз үй тигилип эски заманды эске салган кыргыз айылы түзүлдү. Өлкөнүн облус, шаарлары жана коомдук уюмдары өз ордосун курду. Бул жерде күн сайын түрдүү оюн-зооктор өтүп жатты. Кимде-ким кыргыздардын же көчмөндөрдүн жашоо-турмушун тереңден билгиси келсе Кырчынга ат бастырып келиши керек эле. 

Бир эле мисал этношаарчанын ачылышы аземинде "Көчмөндөрдүн алтын доору” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп, 1400 өнөрпоз кыргыздардын кадимки турмушунан катылган душмандын катыгын бергенине чейин көрсөттү. Ошондой эле жаш жигит Союзбек Надырбеков чыныгы жашоодогу сүйүктүүсүнө баш кошуп XIX кылымдагы салт менен үлпөт тоюн өткөрдү. 

1 / 18
Боз үйлөрдүн жанында селфи жасаган кыз бүгүнкү күндө деле улуттук кийимдерди заманбап стилде кийип жүрсө болорун далилдегендей
2 / 18
Чачын эки өрүп, белине белдемчи тагынган селкинин жыргалга батып селкинчек тээп жаткан учуру. Ушул сыяктуу жаштардын көңүлүн көтөргөн алты бакан, селкинчектерди ордолордун жанынан кезиктирүүгө болот.
3 / 18
Кыргыз кыздары көйнөктү эле көркөмдөп кийбестен, суук түшкөндө жарашыктуу чапандарды да тигишкен. Көйкөлө баскан селкини көргөн жигиттер кылчайбай коё алышкан жок.
4 / 18
Көчмөндөр оюндарындагы жаа атуу мелдешине 10дон ашуун өлкөдөн жаачы кыздар келди
5 / 18
Дизайнерлик чеберчилик менен өзгөчө шөкөттөлүп тигилген этно кийим бийкечтин ажарын ачкан
6 / 18
Кырчын жайлоосуна мен-мен деген уз, чеберлер келишкен. Алардын эмгегине назар салсаң биринен-бири ашып өтөт. Түндүк формасындагы элекчек кийген айым анын бир далили боло алат
7 / 18
Каныкей эне Семетейди Бухарадан туулган жерине жөнөтүп жатып “Кызылдан кийген күрмөнү, кырк алай таккан түймөнү. Кыргый мүчө, кымча бел кыздары сулуу кыргыздын” деп дал ушундай кыздарды айтса керек
8 / 18
Илгери кыргыздын кыздары кандай болгонун көргүңүз келсе Кырчынга барышыңыз керек болчу
9 / 18
Кыргыз кыздарынын кийимдери кооздугу жагынан эле эмес ыңгайлуулугу жана ысык-суукка туруштук бере алганы менен өзгөчөлөнөрүн айтышат
10 / 18
Сумо мелдешинин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде балбандарга тагылчу медалды алып чыккан сулуу
11 / 18
Мурда ар бир кыргыз ат менен кошо чоңоюп, жылкы негизги унаасы болгон. Демек аргымакка болгон кызыгуу каныбызда бар десек болот. Жада калса жайлоого барган кыздар да атты ижарага алып минип жатышты.
12 / 18
Венгриядан келген жаачы кыз. Булар да ат үстүнө мыктап отуруп, жааны катуу атышат экен.
13 / 18
Бул сулууга көз артып жаткан болсоңуз таанышып алыңыз. Ал ат арытып алыскы Түркиядан келген Генел Лансет аттуу кыз.
14 / 18
Ак жоолукчан жеңесин жандап жүргөн эрке кыз.
15 / 18
“Жашыл гүлдөй жайкалып, айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып, балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай, биздин Ала-Тоонун кыздары ай” деген ыр саптары ушундай кыздарды көргөндөн кийин жаралган чыгар.
16 / 18
Көчмөндөр оюндарындагы жаа атуу мелдешине Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Монголия, АКШ, Түркия жана Венгрия өлкөлөрүнөн келген 11 кыз-келин катышты.
17 / 18
Монгол кызынын жаа атканы эле эмес, ажарлуу жүзү да оюнга келгендерди суктантты. 20 жаштагы Конгорзул Батбаатар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маек берип алты жылдан бери жаа атуу менен алектенерин айтты. Ал көчмөндөр оюндарына биринчи жолу катышууда.
18 / 18
Атчан жаа атуу мелдешине Кыргызстандын атынан Аида Акматова менен Гулмира Аянова чыкты. Сүрөттө Аида Акматова.