Көчмөндөр оюнунда өткөн айтышта баш байгеге Асылбек Маратов ээ болду

Эл аралык айтыш Кырчын жайлоосунда өтүп, финалга кыргыздардан төрт, казактардан төрт акын чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда өткөн эл аралык айтыштын баш байгесин кыргыз акындарынан Асылбек Маратов, ал эми казактардан Максат Аханов алды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусу билдирди.

ТОП-5. Ырды куюлтуп, саптарды сабалаткан жаш акындар
Эскерте кетсек, төкмөлөрдүн таймашы 4-5-сентябрь күндөрү өткөн. Иш-чарага казак акындары чакырылып, эки миллион сом кош байге сайылган.

Маалыматка ылайык, биринчи орунду Баян Акматов алса, экинчиге Кубат Тукешов, 3-орунга Азамат Болгонбаев ээ болгон. Ал эми казак акындарынан 1-орунга Айбек Калиев, 2-орунга Аспанбек Шугатаев, 3-орунга Биржан Байтуов татыган.

Мындан тышкары, залкарлар сыйлыгы каралып, Ашыралы Айталиев атындагы сыйлык казак акыны Бөрүбай Орозумбетовго, Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлык Жаркынбек Наушабековго, Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык Идирис Айитбаевге, Бексултан Жакиев атындагы сыйлык Изат Айдаркуловага ыйгарылган.