Жакшы кабар! Айсулуу Тыныбековага Азиададан алтын берилиши мүмкүн

Финалда кармашкан монгол спортчусунун канынан тыюу салынган зат табылып, допинг-тесттен өтпөй калган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Индонезияда өткөн XVIII жайкы Азия оюндарында чемпион болгон монголиялык балбан Орхон Пуревдорж медалынан ажырашы мүмкүн экендигин Азия Олимпиадалык кеңешинин сайтында айтылат.

Уюмдун маалыматына ылайык, анализдин жыйынтыгында монголиялык спортчунун канынан тыюу салынган станозол заты табылган.

20 медаль! Азия оюндарында кайсы спортчунун жылдызы жанып, байгеге ээ болду? Тизме
Азия оюндарынынын эрежесине ылайык, эми алтын медаль экинчи орунду алган спортчуга, тагыраагы Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Эске сала кетсек, Тыныбекова менен Пуревдорж кыз-келиндер арасындагы күрөштүн финалында 62 килограмм салмак категориясында күч сынашып, натыйжада кыргызстандык спортчу 0:11 упай эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

Ушуну менен Пуревдорж Азия оюндарында допинг-тесттен өтпөй калган экинчи спортчу болду, ага чейин тыюу салынган зат эркин күрөш боюнча түркмөн балбаны Рустем Назаровдон табышкан.