БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Салык төлөгөнүн тастыктаган чаптамасы жок автоунаа айдап жүрүүдө былтыркыдай эле айып салынбайт. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
4-сентябрда турак-жайга, жерге жана транспортко салык төлөөнүн мөөнөтү аяктады. Салык төлөбөгөндөргө 2 миң сом айып салынып, туум каралган.
Социалдык тармактын колдонуучулары салык төлөгөнүн тастыктаган чаптамасы жок автоунаа айдап жүрсө айып салынабы деген суроону байма-бай көтөрүп келет. Салык кызматынын маалымат кызматы айып салынбай турганын, бирок инспекторлор токтотуп убакыт албашы үчүн чаптаманы чаптап алса жакшы болорун билдирди.
Чаптама салык органынын кызматкери тарабынан кол коюлуп, мөөр менен тастыкталат. Автоинспекторлор айдоочулардын күбөлүгүн, автотарнспортту каттоо тууралуу көбүлүктү, салык төлөөгөнү жөнүндө квитанцияны же анын көчүрмөсүн талап кылганга укуктуу.