Өзүн атып алган. Москвада полиция кызматкеринин өлүмү боюнча жаңы версия айтылды

Кылмышка шектелип Кыргызстанда туулган делген жаран кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы метро станциясында полиция кызматкерин өлтүрдү деп шектелип жаткан Нурлан Муратов укук коргоочуга ок чыгарган эмес. Бул тууралуу соттук медиктерге шилтеме берип "Рен ТВ" каналы кабарлады. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, сержант Андрей Райскийдин өлүмүнө башына тийген бир нече сокку себеп болушу мүмкүн.

Тергөөнүн жаңы версиясы боюнча полиция кызматкери Муратовду токтотуп, экөө кызматтык дааратканага киришкен. Ал жерден согуша кетип, кармалган адам сержатты бир нече жолу кастет менен башка ургулаган. Бул учурда Райский куралын алып ок чыгарып, бирок эки ок тең өзүнө тийген. Анткен менен адистер сержант ок тийбеген учурда деле башындагы жараатынан көз жуммак деген пикирип айткан.

Москвадагы полиция кызматкеринин өлүмү. Суракка алынган шектүүнүн видеосу
Маалыматка караганда, куралдан Муратовдун манжаларынын изи табылган эмес. Шектелүүчү өзү сурак маалында дагы тапанчаны кармабаганын, бирок анын атылган үнүн укканын айткан.

Ал ортодо социалдык тармактарга Муратовдун паспорту жарыяланып, ал Ош облусунун Кара-Кулжа айылында туулганы көрсөтүлгөн. Бирок сүрөттөн ал паспорт Россияныкы экенин боолголоп кароого болот.

Окуя дүйшөмбүгө караган түнү Москванын "Курская" метросунда болгон.