БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Эртең, 6-сентябрда, көк бөрү боюнча оюн талаасына чыга турчу командалар белгилүү болду.
Ага ылайык саат 16.00дө Кыргызстан менен Москва облусунан келген улакчылар беттешет. Ал эми саат 18.00дө Казакстан менен Өзбекстандын командалары күч сынашып, жеңген командалар 7-сентябрь күнү финалдык оюнга чыгат.
Кыргызстан буга чейин Монголия жана Алтайдан келген улакчыларды жеңген. Ал эми Казакстан Красноярск менен АКШ командаларын артта калтырды.
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарнда 11 көк бөрү командасы күч сынашууда. Баш байге ээси үч миллион сом алат.
Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.