Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Шаршембиде Ысык-Көл менен Нарын облустарынан башка жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бул аптада токойлордо өрт чыгышы мүмкүн! Жума соңуна чейинки аба ырайы
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас дубандарында 23…28 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 26…31 градус ысык болору айтылды. Ысык-Көлдө 21…26, Нарында 22…27 градуска жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Борбор калаада 24…26, Ош шаарында 28…30 градус ысык болот.