Казакстанда биринчи жолу химиялык жол менен бычуу ишке ашат

Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги химиялык бычуу кимге жана качан жасаларын тастыктаган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине химиялык бычууну ишке ашыруу боюнча биринчи тапшырык түштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Консультант: педофилдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек
Саламаттык сактоо министринин орун басары Лязат Актаеванын айтымында, химиялык бычууну ишке ашыруу боюнча министрликтин жарлыгы жыл башынан тарта күчүнө кирген. Ал үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн. Актаева мындай процедура соттун чечими чыккандан кийин гана ишке аша турганын кошумчалады.

Ал биринчи жолу химиялык бычуу кимге жана кайсы аймакта болорун тактаган эмес.