Үй камагындагы Канат Исаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына келди

Жогорку Кеңеш бүгүн ишин баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштап, ага үй камагындагы депутат Канат Исаев дагы келди. Белгилей кетсек, 18-июлда Бишкек шаардык соту Исаевди сот залынан үй камагына чыгарган болчу

Парламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады. 

1 / 2
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-сентябрда, жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштады
2 / 2
Парламент бүгүнкү ишин оркестрдин коштоосунда Кыргызстандын гимнин аткаруу менен баштады.

ЖК төрагасы Дастан Жумабеков 95 депутат катталганын, кворум бар экенин айтып, жыйынды баштады.

Депутат Канат Исаев үй камагына чыгары менен апасына жөнөдү
Төрага депутаттар менен саламдашып, аларды Көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Андан кийин парламенттеги комитеттер ишин башташы керектигин айтып, эл өкүлдөрү кийинки пленардык жыйынга чейин деп тарап кетишти.

Депутат Мирлан Жээнчороевдин журналисттерге берген маалыматына ылайык, парламенттин кийинки жалпы жыйыны 12-сентябрда болот.

Эске салсак, Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп "Коррупция" беренеси менен айыпталган болчу. Бирок ал берене "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп өзгөртүлүп, кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш кыскартылган болчу.