Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарына келди

Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков түрк ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды
Мирзиёевди аэропорттон КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды. Өзбекстандын президенти түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышат.

Ошондой эле аталган саммитке катышуу үчүн кечээ, 2-сентябрда кечинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев дагы келип, аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Кубатбек Боронов тосуп алган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул кеңешке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мүчө.

Быйыл кеңешке төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.