Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды. Сүрөт

Кырчында спорттук жана маданий иш-чаралар болуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

"Кырчын этно шаарчасына кеткен жолдо унаа тыгыны жаралып, жайлоого жете албай жолдо турабыз", — деди күбө.

1 / 2
Кырчынга кеткен жолдо узакка созулган унаа тыгын жаралды
2 / 2
Ысык-Көлдө 2-сентябрь күнү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары башталды.

Ысык-Көлдө 2-сентябрь күнү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары башталды. Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана "Кырчын" жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы "Nomad" амфитеатрында жана Кырчын этно-шаарчасында болмокчу.

Көчмөндөр оюндарында учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.