Казакстандын маданият министрлиги көк бөрүчүлөрү тууралуу эмне дейт?

Казакстандын курама командасы бүгүн, 2-сентябрда саат 12.30да Красноярский крайынан (Россия) келген оюнчулар менен беттешмек. Бирок эмнегедир улакчылар оюн талаасына чыккан жок.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бүгүнкү мелдешке чыкпай калган Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасынын тагдырын калыстар чечет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ДКОнун уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көчмөндөр оюндарынын экинчи күнүндөгү мелдештер аяктаган соң калыстар чогулуп аталган маселени карап чыгышат. 

Жылмайып кол булгалаган ажолор. ДКОнун ачылышындагы президенттердин эмоциясы
Казакстандын курама командасы бүгүн, 2-сентябрда саат 12.30да Красноярский крайынан (Россия) келген оюнчулар менен беттешмек. Бирок белгисиз себептерден улам казак оюнчулары оюн талаасына чыккан эмес

Бул боюнча Казакстандын маданият министрлиги оюнга катышпоо чечимин эч ким кабыл албагандыгын жана спортчулар мелдештин программасынын негизинде бардык оюндарга катыша тургандыгын кабарлашууда. 

3-сентябрдагы оюндарда өзбекстандык оюнчулар Башкортостанды 20:1, Кыргызстандын улуттук курама командасы монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алды

Көк бөрүнү ойноо тартиби менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар