Апта ирмеми: Көчмөндөр оюндарынан жумуртканы жарып чыккан крокодилге чейин

Sputnik

Кыргызстанда көз карандысыздыктын 27 жылдыгы белгиленди.

Лондондо Ноттинг-Хилл карнавалы өттү.

Непалдагы Пашупатинатх храмында индустардын Жанай Пурнима майрамы белгиленди.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өрт чыгып, имараттын 5-кабатынын 200 чарчы метри күйүп кетти.

Бельгияда "Формула-1" чемпионатындагы жарыштын 13-этабы старт алды.

Ирландиянын Нока храмында Рим папасы Франциск эл алдына чыкты.

Германиянын Лейпциг шаарында ит, мышыктардын эл аралык көргөзмөсү өттү.

Подмосковьеде IV "Армия — 2018" аталышындагы аскер-техникалык форуму жыйынтыкталды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз-түрк "Манас" университетинин жаңы курула турган медициналык факультетинин имаратынын пайдубалына капсула салышты.

Түштүк Кореяда массалык үйлөнүү тоюу болду.

Жылмайган айылдыктар чет өлкөлүк сүрөтчүнүн көзү менен
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарында коло байгеге ээ болду

Москвада СССРдин эл артисти, Мамлекеттик думанын депутаты Иосиф Кобзонду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Франциядагы зоологиялык паркта крокодил жумурткадан чыкты.

Россиянын президенти Владимир Путин кыска мөөнөттүк эс алуу маалында Саяно-Шушенский коругуна барды

Новосибирск облусунда VII Сибирь татуировка фестивалы уюштурулду.

Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземи болду.

1 / 22
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылыш аземиндеги сахналаштыруу, Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан.
2 / 22
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 30-августта өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен имараттын 5-кабатынын 200 чарчы метри күйүп кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө беш унаа тартылган.
3 / 22
Бельгиядагы "Формула-1" чемпионатында Фернандо Алонсо менен Шарль Леклеранын унаалары кагышкан.
4 / 22
Рим папасы Франциск Ирландиядагы Нока храмында эл алдында сүйлөп жатат.
5 / 22
Улуттук гвардиянын жоокерлери эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын майрамдоо маалында "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын желегин көтөрүп баратат.
6 / 22
Лондондогу Ноттинг-Хилл карнавалынын катышуучусу.
7 / 22
Лейпциг шаарындагы ит, мышыктардын эл аралык көргөзмөсүндөгү жандыктар.
8 / 22
Кениядагы Масаи Мара айылында масаи уруусундагы эркек от тутандырууда.
9 / 22
Непалдагы Пашупатинатх храмында индустардын Жанай Пурнима майрамы учурунда чиркөөнүн жаш кызматкерлери сууга түшүп жатышат.
10 / 22
Венециядагы кинофестивалдын алкагында актер Брэдли Купер менен ырчы Леди Гага "Жылдыз төрөлдү" тасмасын тартуу тобуна фотосессияга келди.
11 / 22
Көп функциялуу Су-30СМ аскер учагы "IV Армия-2018" аталышындагы аскер-техникалык форумунун жабылуу аземинде асманда учуп жүрөт.
12 / 22
"Москва эл аралык автомобиль солуна — 2018" иш-чарасындагы "Авторос" компаниясынын стендиндеги моделдер.
13 / 22
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз-түрк "Манас" университетинин жаңы курула турган медициналык факультетинин имаратынын пайдубалына капсула салышты. Иш-чаранын соңунда эки өлкөнүн башчыларына университеттин ардактуу доктору наамы ыйгарылды.
14 / 22
Индиянын Дели шаарындагы каршылык акциясынын катышуучуларын кармоо маалы.
15 / 22
Түштүк Кореядагы массалык үйлөнүү тоюу.
16 / 22
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев Индонезияда өтүп жаткан XVIII Азия оюндарында коло байгеге ээ болду. Сүрөттө Азат Усеналиев менен өзбекстандык Жасурбек Латипов.
17 / 22
СССРдин эл артисти, Мамлекеттик думанын депутаты Иосиф Кобзонду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
18 / 22
Рохинджа уруусундагы аял Бангладештеги качкындар лагеринде баласын жуунтууда.
19 / 22
Кыргызстандык спортчулар Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде. Чолпон-Ата шаары, ат майдан.
20 / 22
Россиянын президенти Владимир Путин Тыва Республикасындагы Саяно-Шушенский коругунда эс алууда.
21 / 22
VII Сибирь татуировка фестивалынын катышуучусу, Новосибирск облусундагы "Сосновка" курорт-отели.
22 / 22
Франциянын зоологиялык паркында жумурткадан чыккан крокодил.