ДКО: Кыргызстандын делегациясын Олимпиада жана Азия чемпиондору коштоп чыгат

Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жалпы жонунан 82 өлкөнүн 2500 спортчусу электрондук каттодон өткөн.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 2-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 66 өлкөнүн жана Россиянын 11 субъектисинен 1556 спортчу келип каттоодон өттү. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов журналисттерге билдирди. 

III Всемирные игры кочевников 2018. Подготовка

Маалыматка ылайык, жалпы жонунан 82 өлкөдөн 2500 спортчу электрондук каттоодон өткөн.

"Акыркы сааттарга алынган маалымат боюнча 66 мамлекеттин спорттук делегациясы келди. Калгандары дагы келип жатат. Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана "Кырчын" жайлоосунда өтөт. Айрым мелдештер бүгүн эртең менен башталган", — деди Аманкулов.

Ошондой эле ал спортчулардын саны боюнча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттери сап башында экенин кошумалады.

Азиада чемпиону Дарья Маслова алтын үчүн федерациядан канча акча алары айтылды
Салтанаттуу жүрүшкө кыргызстандык делегацияны Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев, Олимпиададан коло байге тагынган Руслан Түмөнбаев, Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова жана Азия оюндарынын байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Каныбек Жолчубеков, Иззат Артыковдор коштоп чыкмакчы.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247. Мелдештин жалпы байге фонду 28 миллион сом.

ДКОнун салтанаттуу ачылыш аземи саат 20.00дө башталат. Иш-чараны 50дөн ашык өлкөнүн 500дөй жалпыга маалымдоо каражатты чагылдырат. Учурда жергиликтүү жана чет элдик ЖМКнын 1500 өкүлү Чолпон-Атада жүрөт.