Кар жаайт! Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2-сентябрда Чүй облусунун көчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекке Эрдогандын келишине байланышуу бир нече көчө жабылат. Тизме
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 17…22 градус жылуу болору айтылды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 17…22 градус жылуу болот.

Бишкекте ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 17…19 градуска жетет. Ал эми Ош шаарында күн ачык болуп, 26…28 градус жылуу болору болжолдонду.