Сооронбай Жээнбеков: 2020-жылы Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт

Быйыл Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары 2-сентябрда башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кеңири форматта жолугушуу учурунда 2020-жылкы Көчмөндөрдүн төртүнчү дүйнөлүк оюндары Түркияда өтө турганын айтты.

Түрк президенти 1-сентябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

"2020-жылы өтө турчу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Түркияда өтөт. Буга байланыштуу Түркияны кызуу куттуктайм", — деди Жээнбеков.

КР президенти ошондой эле Көчмөндөр оюндарын даярдоодо жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн олуттуу жардам үчүн Түркияга жана Режеп Эрдоганга чоң ыраазычылыгын айтты.

Жээнбеков өз сөзүндө Эрдогандын бүгүнкү сапары кыргыз-түрк кызматташтыгынын бардык багыттарына импульс берип, аларды жаңы бийик деңгээлге чыгарары шексиз экенин белгиледи.

Жээнбеков жана Эрдоган жубайлары менен. Фотофакт
"Биздин экономикалык карым-катнаштын динамикасы эки тараптуу саясий байланыштардын деңгээлинен артта калууда. Бул чөйрөдө ишке ашыра элек потенциалы арбын. Ошондуктан биздин өз ара мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыты катары соода-экономикалык чөйрөсүн аныкташыбыз зарыл", — деди ал.

Андан сырткары, Түркия Кыргызстандын тышкы соода чөйрөсүндө ири соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары өзгөчө орунду ээлей турганын билдирди. Ошондой эле соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көтөрүү боюнча мурда аныктаган максаттарды иш жүзүнө ашырууда бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын айтты.