Ош: Өзбекстан куруп берген 630 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Быйыл мектеп-гимназия 1100 окуучуну кабыл алды. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ош шаарында Өзбекстандын каржылоосу менен курулган Алишер Навои атындагы №18 мектеп-гимназиянын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аталган мектептин директору Турдайым Карамырзаева билдирди.

1 / 2
Ош шаарында Өзбекстандын каржылоосу менен курулган Алишер Навои атындагы №18 мектеп-гимназиянын ачылыш аземи болду
2 / 2
Салтанатка Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутаттар, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматулла Юлдашев, Ош облусунун жана Андижан облусунун жетекчилери катышкан.

Мектептин курулушу өткөн жылдын октябрь айында башталып, аны Өзбекстандын "Трест-12" курулуш компаниясы колго алган. Аталган мектепте ашкана, жыйындар жана спорт зал, кичи футбол жана баскетбол аянтчалары да бар. Ошондой эле, заманбап жабдыктар жана эмеректер менен камсыздалган.

"2018-жаңы окуу жылына мектеп-гимназия 1100 окуучуну кабыл алды. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ал эми орус жана англис тилдери тереңдетилип окутулат" — деди Карамырзаева.

Жээнбеков: биздин милдет — бийик адамдык касиетке ээ болгон балдарды тарбиялоо
Ал кошумчалагандай, мектептин буга чейинки имараты авариялык абалда болгон жана мектептин бир корпусунда 700 окуучу үч сменде окуп келген.

Салтанатка Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутаттар, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматулла Юлдашев, Ош облусунун жана Андижан облусунун жетекчилери катышкан.