Бишкекке Эрдогандын келишине байланышуу бир нече көчө жабылат. Тизме

Милициядан билдиришкендей, айрым жолдордун жабыла турган аймактары өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий сапар менен келгендигине байланыштуу борбор калаадагы айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

Жабылчу аймактар:

— "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин;

— Фучик көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

— Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

— Айтматов проспектисинен Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейин;

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдырахманов көчөсүнө чейин;

— Абдырахманов көчөсү Чүй проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин.

Милициядан билдиришкендей, айрым жолдордун жабыла турган аймактары өзгөрүп кетиши мүмкүн.