Радио

Жээнбеков: Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду

Өлкө башчы өлкөнүн өнүгушү ар бир жаранга байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
Жээнбеков: Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду

Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен "Ала-Тоо" аянтында куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, эркиндикти сактап, урпактарга өткөрүп берүү ар бир жарандын милдети.

"Бүгүнкү күндө дүйнөдө өз ордубузду табууга жетиштик. Кыргызстан эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду. Эркиндикти көздүн карегиндей сактап, аны урпактарга өткөрүп берүү — милдетибиз! Кыргызстандын келечеги үчүн улуттар аралык ынтымакты бекемдеп, туубузду бийик кармайлы! Өлкөнүн өнүгүшү ар бир жаранга байланыштуу", — деди президент.

Жээнбеков эркиндик эч качан белекке берилбей турганын кошумчалады.