Азиада чемпиону Дарья Маслова жигитине турмушка чыкмай болду. Видео

Спортчу кыз Азия оюндары өтүп жаткан Индонезия өлкөсүнөн жума күнү кайтып келди.
Sputnik

Алтын жана күмүш медалдардын ээси, жеңил атлет Дарья Маслова сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгууга даяр экенин билдирди.

Кучак толо гүлдөр жана мактоолор! Дарья Маслованы "Манас" аэропортунан тоскон азем
Ал жума күнү Жакарта шаарынан учуп келди. Күлүк кыз 25-августта жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап биринчи болгон. Экинчи медалды үч күндөн соң 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи келгендиги үчүн алды.

Аэропортто сүйүктүүсүн күтүп жаткан жигит журналисттерге жакында Маслованын колун сурай турганын айткан.

Кийин журналисттердин биринин "сүйүктүүңүзгө турмушка чыгууга макулсузбу?" деген суроосуна спортчу "ооба" деп жооп берди.

"Макул болбогондочу. Төрт жылдан бери жанымда, мелдештерге кетсем, айлап күтөт. Жараат алсам, колдоп турат", — деди Маслова.

XVIII Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезия мамлекетинде өтүүдө.