ДКОдо Африканын акыл курчуткан овари оюну өтөт. Эреже

Овари — Африка элинин акыл курчуткан стратегиялык оюну. Анда эки адам ойнойт. Оюн тактасында ар бир жагында бирдей тереңдикте алтыдан чуңкурча, жалпысынан алганда 12 чуңкурча жана эки жагында эки чоң чуңкурча бар. Ал таштарды топтогонго ылайыкталган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет овари интеллектуалдык оюну менен тааныштырабыз.

Жалпы жобосу

Ырым-жырым жана музыка. Ашыртмалы аба гюрешинин жол-жобосу
Овари оюнунда бир түстөгү 48 таш жана 12 кичине үйчө менен 2 казынасы бар, диаметри 10-14 мм болгон такта колдонулат. Мелдеш чучу кулак кармоодон башталып, оюнчулар 48 ташты 12 үйгө төрттөн кылып бөлүшөт. Өзүнүн тарабындагы алты үйчө оюнчунун, ал эми карама-каршысындагы алты үйчө атаандашынын талаасы болуп эсептелет. Оюнчулар таштарды өзүнүн казынасына топтоого аракет кылат. Ким көп таш топтосо, ошол жеңүүчү болот. Анын эрежеси кыргыздын тогуз корголу менен түрктөрдүн мангаласына окшоп кетет.

Оюндун эрежеси

Жеңиш үчүн өзүнүн казынасына 24төн көп таш топтошу керек. Эки оюнчу ошончодон топтосо, анда тең чыкты деп саналат. Тең болгондо 1 упай, утулганда 0 упай берилет. Оюндун эсеби чыгарылгандан кийин атаандаштар канча таш топтогонун белгилеши керек. Жеңүүчүлөрдү аныктоодо топтолгон таштар кошумча көрсөткүч болуп колдонулат.

Кийинки Көчмөндөр оюндары кайда өтөрү божомолдонду
Оюнчу өзүнүн убактысынын ичинде атаандашына эскертпестен анын таштарын алууга жана саноого уруксат берилет. Ошол эле учурда атаандашы кайсы чуңкурдан баштоосун айта албайт. Жүрүш баштаганга чейин атаандашы тараптагы таштарды колго албастан санаганга уруксат берилет.

Мелдеш жеке-командалык оюн болуп өтөт.

Жеке-командалык оюнда жеңүүчүнү аныктоо:

— Упайдын көп болушу;

— Жеке жолугушуу;

— Утулуп калган партиялардагы көп топтолгон таштар;

— Прогресс коэффициенти;

— Бухгольц коэффициенти;

— Бергер коэффициенти эсептелет.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөдөн келген 2300 спортчу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.