Манхеттендин борборундагы хот-дог саткан жайга аарылар "кол салды"

Интернет колдонуучулар аарылардын "кол салуусун" видеого тартып, социалдык тармакка чыгарышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Нью-Йорк полициясы хот-дог сатуу үчүн тигилген чатырды талоонго алган аарылардан улам шейшемби күнү Манхеттендин борбордук көчөлөрүнүн бирин жабууга аргасыз болду. Бул тууралуу шаардын полициясынын жетекчиси Жеймс Онил Twitter баракчасына жазды.

Полициянын жетекчиси алар аарынын уюгун акырындык менен алып, чатыр эч кимге зыян келтирбегендей кылып тазаланып жатканын билдирген.

Интернет колдонуучулар аарылардын "кол салуусун" видеого тартып, социалдык тармакка чыгарышты.

Адистердин айтымында, аарылар ысыктан улам эски уюгун таштап чыгып кетишкен. Полиция аларды жаңы жерге жайгаштырарын айтты.