Кур кетирбейт! Жаш жубайларды отко киргизүүдө 6 "болбойт"

Жаңы келген келин күйөөсүнүн туугандарына же кошунасынын үйүнө өз алдынча кирип бара алган эмес. Жаш бүлөнү алгач тууган, кошуна-колоңу эшик-төрүн көргөзгөн. Этнографтардын айтымында, бул каада жаш үй-бүлөнү бекемдөө максатындагы байыркы теңирчилик доорунан, отко табынган кезден калган жөрөлгө.
Sputnik

Отко чакыруу каадасында кандай эрежелер колдонулган? Жаш жубайларды алгачкы жолу үйгө конокко чакырганда эмнелерди биле жүрүү керек? Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Болбойт" рубрикабыздын бул жолку суроосуна этнограф Айымкан Жаманкулова жооп берди.

Отко чакырмайын келин ал үйгө барбайт. Бардык эле үй келинди отко киргизүүгө милдеттүү эмес. Бирок баш алган тараптын жакын туугандары, кошуна-колоңдору жаңы үйлөнгөн бүлөнү үйүнө чакырып, отко киргизип коноктоп коюшу шарт. Антпесе келин да ал үйгө кенен-кесир кирип-чыга албай калат.

Өздөрүн эле чакырбайт. Отко киргизүүдө жаңы үйлөнгөндөр сөзсүз түрдө баланын апасы менен келиши керек. Эгер энеси бара албай калса, жеңесин кошуп алгандары дурус болот.

Жылкы менен эчкинин этин жебейт! Жаңы төрөгөн келинге карата 8 "болбойт"
Келин чакырган үйгө жүгүнмөйүн кирбейт. Чакырган үйгө жаңы келин жүгүнүп кирүүсү керек. Антпесе аларды сыйлабагандык болуп саналат.

Келин барган үйдө койкоюп отура бербейт. Жаңы бүлөнү конокко чакырган күндө да келин дасторкондун ылдый жагына отуруп, чай куюшуп, тамак-ашына жардам берүүсү абзел. Кокус төркүн тараптагылары отко киргизген болсо, анда өйдө жакка отурууга уруксат.

Чакырган тарап эптеп узатпайт. Конок чакырган тарап сөзсүз түрдө колунан келишинче дасторконун жайып, аларды жылуу маанайда тосуп алуусу шарт. Ал тургай мал союп, устукан тартып узаткан.

Куру кол кетирбейт. Үйгө чакырып жаш жубайларды мейман кылган соң аларга үй ээси сөзсүз белек-бечкек берет. Айрымдары аларга көйнөк, жоолук жана идиш-аяк тартуу кылса, колунда барлар мал энчилеп, акчалай белек ыроолошкон.