Адвокат Сапар Исаковдун камакта эмне кылып жатканын айтып берди

Мурдагы премьердин жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку сотко кайрылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Исаковдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча райондук соттун чечимин Жогорку сотко даттанган болчу.

Жоошев өз сөзүндө Исаковдун абалы учурда жакшы экенин айтып, жумасына эки жолу спорт менен машыгып жатканын билдирди.

"Башында штанганы жатып көтөргөндө 25 килограммга чейин көтөрүп жатса, азыр 60 килограммга чейин көтөрүп калганын айтты", — деди ал.

Жоошев ошондой эле камак кандай болгон күндө дагы жаман экенин, айрым кишилерди сындырып коёрун айтып, бирок Исаков руханий жактан күчтүү болгондуктан бардыгына чыдап, мурдагыдан дагы күчтүү болуп калганын кошумчалады.

Сапар Исаковдун колунан кармап калганга үлгүргөн жубайы. Сот залындагы видео
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтырган.

Шаардык сот дагы биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.