Кулматовдун адвокаты президентке ачык кайрылды

Слесарев Кулматовдун ишин кароодо мыйзам бузулуп жатканын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу жолдоду.

Слесарев көп жылдык тажрыйбасында процессуалдык жана башка мыйзам бузууларга күбө болуп келгенин билдирген. Ушундай эле мыйзам бузуулар Кулматовго карата болуп, тергөө жана соттук териштирүү учурунда да болуп жатканын белгилеген.

"УКМКнын тергөө органдарынын көпкө чейин аңдуулары, прокуратура органдары тарабынан көзөмөлдүн жоктугу, Кыргызстандагы сот системасындагы тартиптин жоктугу сизге кайрылууга аргасыз кылды", — деп жазылат Слесаревдин кайрылуусунда.

Адвокат бул анын экинчи кайрылуусу экенин белгилейт. Ал ошондой эле президент аппаратынын сот реформасы бөлүмүнө жолдонгон кайрылууга жооп болбогонун айтат.

Кубанычбек Кулматовдун кандай мүлкү бар? Декларациядагы маалымат
Слесаревдин кайрылуусунда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушундагы коррупциялык иштерге негизсиз эле Кулматовдун тийиштиги бар деп айып коюлган.

"Ал болгону өкмөттүн Калыс-Ордо конушуна мектеп куруу боюнча буйругун аткарган. Бишкек мэриясы курулуш менен гана алектенген. Каржылоосуна мэрия да, Кулматов дагы кийлигишкен эмес. УКМКнын тергөө бөлүмүнүн Кулматовдун коррупциялык аракеттерге тийиштиги бар экенин тастыктай турчу далили жок", — дейт адвокат.

Ал ошондой эле каржылоо акчалары мэриянын эсебине түшпөгөнүн, аны менен кытай тарап белгиленген жеке подрядчылар алектенгенин белгилейт.

Андан сырткары, Кулматов Россиянын жараны эместигин юридикалык жана башка жактан такталып турса да аны прокуратура, сот органдары көз жаздымда калтырып жатканын айткан.

Адвокат Сапар Исаковдун камакта эмне кылып жатканын айтып берди
УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган.

Коррупциядан тышкары, Кулматов мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алгандыгы боюнча айыпталган.

УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан

"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген", — деп билдирген УКМК.

Бирок Россиянын Кыргызстандагы элчиси Кулматовдун жактоочусуна жооп бергенине караганда анын РФ жарандыгы жок.