Кээ бир үйлөргө мыйзамсыз түшкөн деп соттун түрттүрүү тууралуу чечими чыкса, бир катарларынын курулушу бир нече жылдан бери бүтпөй, эл фирмалардын эшигин жыртып жүрөт. Жакындан бери курулуш рыногунда жаңы — жер ижарага 10 жылга жетпеген убакка алынган "модалуу" көйгөй пайда болду.
"Прецедент" фирмасынын төрайымы Фатима Якупбаева үлүштөш болуп үй алам деп кадам таштаардан мурда төмөнкү учурларга көңүл бөлүү керектигин айтты.
*Кызыл китеп. Бул жарандын жер тилкесинин кожоюну экендигин тастыктаган документ.
*Кызыл китеп болбосо, жашыл китепти сөзсүз сураш керек. Ал адамдын же юридикалык тараптын жерди пайдаланууга жана ээлик кылууга укуктуу экендигин тастыктаган документ.
*Дагы бир эске сала турган учур — чакан тамдын көп кабаттуу үй болуп кайра өзгөргөндүгү тууралуу жазылган документти да кароо зарыл. Адатта алгач үй баштапкы учурунда жеке менчик жай катары катталат. Кийин курулуш компаниясы көп кабаттуу үй салганда ошого карап өзгөртүлөт.
*Компания сизге көк китеп (айыл чарбасы үчүн бөлүнгөн тилке) көрсөтсө, аны айланып өтүңүз.
*Компаниянын жер салыгын төлөнгөн-төлөнбөгөнүн көздөн кечирип койгон ашыктык кылбайт.
*Салык. Сиз ишенип, жакшы үмүт менен үй алам деген фирманын канча салык төлөгөнүн интернеттен илгиртпей эле таап алсаңыз болот. Ал үчүн бул шилтемеге кириңиз: Эмне үчүн салыкка басым жасап жатабыз? Ак иштеген, мыйзамдуу иш алып барган, өзүнүн келечегин ойлогон ишкана салыкты жаап-жашырбай төлөйт. Анын суммасы канчалык көп болсо, демек компания ошончолук көп турак жай курган.
* Батирдин жеке техникалык паспорту. Батирди сизге сатуу үчүн ага да ал өз алдынча кыймылсыз мүлк катары катталып, өзүнчө техникалык паспорт жазылышы керек. Мындай учурда, албетте, биз жогоруда сөз кылган документ — жалпы үйдүн техникалык паспорту керек болот. Аны аталган документтин негизинде толтурат.
Унчукпай коюп, сатып жиберебиз дегендер бар
Акыркы мезгилдери Кыргызстандын турак жай рыногунда кээ бир көп кабаттуу үй түшкөн жердин ижарасы боюнча маселе жаралууда. Юристтер үңүлүп карай келген кээ бир курулуш компаниялар кардарга көйгөйдү ачык айтпай, жарандарды адаштырып, батирлерди сатып жибергенге аракет кылган учурлар бар. Үй алып жатканда жердин ижарасы канча жыл экендигин сураңыз. Кеч болуп калганда, тагыраагы квартиралуу болуп, үй тургузулган жердин кийинки ижара акысы мойнуңузга илингендигин билгенден соң компаниянын сотко берүү… майнапсыз иш.
Жогоруда белгилегендей, жашыл китеп жана кызыл китеп деген пунктка өтө маани берип текшерип, керек болсо документти көрсөтүүнү талап кыла билиңиз. Маалымат үчүн, курулуш компаниясы жерди эң көп дегенде 49 жылга ижарага алышы керек.
Беш жылга ижарага алып ал жерге үй кура салган компаниялар да бар. Бул сизге пайдасыз. Үй үч жылда тургузулса, батир ээси эки жыл жашагандан кийин башын оорутуп жүрөбү? Жердин канча жылга ижарага алынганын үңүлүп караңыз.
Мындан сырткары Sputnik Кыргызстан агенттиги эл оозуна алынган курулуш компанияларын тизмектеп, 2018-жылдын башынан бери республикалык бюджетке ар кандай төлөмдөр аркылуу канча каражат түшүргөнүнө кызыгып көрдү.