Майрам күндөрү Кыргызстанда кандай аба ырайы болот

Кыргызстанда 31-август Эгемендүүлүк майрамы, 1-сентябрь билим күнү белгиленет. Ал эми 2-сентябрдан тарта Көчмөндөр оюндары башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет 31-августта, 1-2-сентябрда өлкө боюнча кандай аба ырайы болорун маалымдады.

Ага ылайык, 31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Мэрия Эгемендик майрамы менен Билим күнүнө даярдыктар тууралуу айтты
Чүй облусунда түндө 8…13 градус жылуу, күндүз 23…28 градуска чейин ысык болот. Таласта түндө 3…8 градус жылуу болуп, күндүз күн 22…27 градуска дейре көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 10…15 градус жылуу, күндүз 25…30 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көл менен Нарында түндө 3…9 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми 1-2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетери божомолдонууда.

Аба ырайы Чүй облусунда 1-2-сентябрда түндө 10…15 градус жылуу, күндүз күндүн табы 25…30 градуска чейин жетет. Таласта түндө 5…10 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнү 12…17 градуска дейре жогорулап, күндүз 27…32 градус ысык болот. Ысык-Көл менен Нарын облустарында түндө 4…10 градуска чейин жылуу болуп, күндүз абанын температурасы 20…25 градуска чейин жетет.