Борбор Азиядагы туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова дүйнө салды

Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта саат 10.00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Борбор Азиядан чыккан алгачкы аял хирург, элдик билим берүүнүн отличниги, эмгек сиңирген дарыгер, Кыргызстандын илимий ишмери жана медицина илимдеринин доктору Какиш Рыскулова дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан маалымдашты.

Первая женщина-хирург в Центральной Азии Какиш Рыскулова

Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Канттын Четинди айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рыскулдан тогуз жашында айрылгандан кийин аталаш иниси, улуу кыргыз илимпозу, агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин колунда тарбияланат. Ал Какишти 1929-жылы Фрунзеге алып келип, болочок хирург 1-классты борбор калаадан бүтөт. Андан соң Аламүдүн районундагы "Колхоз жаштары" мектеп-интернатында окуй баштайт.

"Какиш Рыскулова өзүнүн бүт өмүрүн медицина илимине арнаган. Ал канчалаган жаш муунду тарбиялап, мекенинин алдында жарандык милдетин аткарды. Анын тоодой эмгеги мамлекеттик жана коомдук сыйлыктарга татыган", — деп КММАдан маалымдашты.

Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта саат 10.00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

Белгилүү хирург тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.