"Коопсуз шаар" долбоору боюнча кайрадан тендер жарыяланды

Мамлекеттик сатып алуулар порталында 23-августта мүчүлүштүк кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар порталында "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга багытталган онлайн-аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы боюнча маалымат жарыяланды.

Ызы-чуу менен коштолгон тендер. "Коопсуз шаар" долбоору 50 млрд. сом турабы?
Ага катышуу үчүн арызды 4-сентябрь саат 15.00гө чейин жиберсе болот. Видеокөзөмөл системасын орнотуу боюнча тендердин баштапкы баасы 2,5 миллиард сом. Долбоордун шарты боюнча жеңүүчү Бишкектин кесилиштерине, шаар аралык жолдорго жана ылдам жүрчү трассаларга — жалпы 110 комплекс орнотушу керек. Ошондой эле чыгымдын бардыгы подрядчынын мойнунда болот.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы мүчүлүштүк 23-августта болгон. Анда реалдуулукка жатпаган маалыматтар чыгып калган. Тагыраагы, Megaline компаниясы 50,5 миллиард сом сунуштады делсе, калган катышуучулар сунуштаган сумма көрсөтүлбөй калган.

Кийинчерээк Финансы министрлиги тендер токтотулары мүмкүндүгүн маалымдаган.