Адашып кетсең 1262 номерине чал! Көчмөндөр оюнунда атайын кызмат иштейт

Кыргыз, орус жана англис тилинде сүйлөгөн операторлор күнү-түнү кызматта болот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары жүрүп жаткан маалда "1262" атайын номери иштей турганын билдирди.

Көчмөндөр оюндарына 15 өлкөдөн ыктыярчы тартылды
Маалыматка караганда, бул номерге чет элдик жарандар дагы кайрыла алат. Алар үчүн англис тилинде сүйлөгөн операторлор иш алып барат.

Бул жакка жарандар менен коноктор жол коопсуздугу, жолдор схемасы жана унаа токтотуучу жайлар боюнча маалымат алуу үчүн кайрылса болот.

Кызмат күнү-түнү иштейт.