Америкалык балдар лимонад сатып, батирлүү болгон

Бир туугандар күнүнө жүздөгөн доллар иштеп таап, курбалдаштарынын көзүн кызарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 10 жаштагы Дэвид менен 12 жаштагы Зак Тэннер лимонад сатып, мээнет менен тапкан акчасына курулуп жаткан үйдөн батир алышты. Бул туурасында Mail.ru жаңылыктар түрмөгү жазды.

Дэвид менен Зак мындан жети жыл мурда өздөрү жашаган Хьюстондо үйдөн жасалган лимонадды сатып, өздөрүнүн бизнесин ачкан. Иш жакшылап жүрүшүп, бир туугандарга күнүнө жүздөгөн доллар киреше алып келе баштаган.

Банкрот болгон нарындык миллионердин баласы: бөтөлкө чогултууга аргасыз болгом
Бир тууган Тэннерлер фондулук рынокто инвестор болуп, акчасын кирешени жакшы алып келген акцияга жумшаган атасынан үлгү алган. Жакында алар дагы бир баалуу кагазды сатып, андан түшкөн кагазды турак жай кооперативине салганы айтылат.

Эми алар курулуп жаткан 450 батирлүү тамдан өздөрүнүн жеке үйүнө ээ болмокчу.