"Манас" аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу

Бишкектик жигит "Манас" аэропортунан сүйүктүү кызынын колун сурады.
Sputnik

Жүрөк жылыткан видеону күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу жиберди. 

Анын айтымына караганда, кыз мекенине чет өлкөдөн учуп келген. Ал күтүү залына чыкканда жагымдуу сюрприз күтүп турган. Тагыраагы, колуна гүл кармаган жигити менен "Кундуз, мага турмушка чыгасыңбы" деген плакат көтөргөн адамдар тосуп алган. 

Күбө билдиргендей баары тез эле болуп, эки жаш аэропорттон чыгып кеткен. 

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.