Бишкектин жанындагы айланма жолдо Lexus күйүп кетти. Видео

Укук коргоо органдарынан жабыркагандар жок экенин айтышты.
Sputnik

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа күйгөндүгү тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.

Газ баллон жарылып эне-бала мерт болгон. Оштогу намазканадагы өрттүн чоо-жайы
Кырсык ишемби күнү саат 20.00дөр чамасында Ысык-Ата районунун аймагында болду.

Күбөнүн айтымында, башка айдоочулар Lexus унаасынын ичиндегилерге автодон түтүн чыгып жатканы боюнча белги беришкен. Натыйжада айдоочу менен жүргүнчү дароо унааны токтотуп, андан түшүп кетүүгө үлгүргөн. Машина ошондон кийин гана өрттөнө баштаган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы окуяны тастыктап, өрттүн себептери аныкталып жатканын маалымдады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.