Кырчында айтыша турган казак-кыргыз акындар белгилүү болду

Буга чейин айтыштын тандоо туру өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтчү айтышка катыша турган кыргыз жана казак акындары дайын болду. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусу билдирди.

Кырчында арак-шарап сатылбай турган болду
Маалыматка ылайык, төкмөлөрдүн айтышы 4-5-сентябрь күндөрү өтөт.

Ага Казакстандан Айбек Калиев, Аспанбек Шыгатаев, Биржан Байтуов, Бөрүбай Орозумбетов, Максат Аканов, Кажымухан Абзалов, Жаркынбек Наушабеков, Нурлан Эсенкулов келе турган болсо, Кыргызстандан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Идрис Айитбаев, Изат Айдаркулова, Жылдызбек Төрөканов, Кубат Тукешовдор катышмакчы.

Эскерте кетсек, эл аралык айтышка кош байге сайылган. Суммасы — эки миллион сом.