Кырчында арак-шарап сатылбай турган болду

Жергиликтүү бийлик бардык унаалар капчыгайга кирип келе жатканда текшериле турганын эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары өтүп жаткан маалда Кырчын жайлоосунда алкоголдук ичимдиктерди сатууга жана ичүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

Тийиштүү токтомду Темир жана Семеновский айыл аймактарынын кеңеши кабыл алган. Анын аткарылышына милиция кызматкерлери менен элдик кошуун көз салып турат.

"Милиционерлер ар бир унаанын дыкат текшерип чыгат. Меймандардан түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөм. Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде жана эч кынтыксыз өтүшү үчүн ар бирибиз кам көрүшүбүз зарыл", — деди аким.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү өтөт. Иш-чаранын маданий бөлүгү Кырчын жайлоосунда болмокчу.