Сонун болуп калыптыр! Айтматов проспектиси оңдолуп, кайрадан ачылды. Сүрөт

Жалпысынан 9 чакырым жол оңдолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы проспекти оңдоп-түзөө иштеринен кийин толугу менен ачылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолду оңдоо иштери 4,5 айга созулуп, белгиленген мөөнөттөн 2,5 айга эрте бүткөн.

1 / 4
Чыңгыз Айтматов атындагы проспекти оңдоп-түзөө иштеринен кийин толугу менен ачылды.
2 / 4
Жолду оңдоо иштери 4,5 айга созулуп, белгиленген мөөнөттөн 2,5 айга эрте бүткөн.
3 / 4
Маалымат кызматынан жолдун катмарларын асфальтбетондоо иштери жаңы ыкма менен жасалгандыгын жана ага беш жылдык мөөнөт кепилдик берилгендигин айтышты.
4 / 4
Чыңгыз Айтматов атындагы проспекти оңдоп-түзөө иштеринен кийин толугу менен ачылды.

"Бул мезгилдин ичинде Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки 9 чакырым жол оңдолду. Бордюрларды кайра коюп чыгышты. Ал эми советтер союзунун учурундагы граниттен коюлгандары ошол бойдон сакталып калды. Болгону алар иретке келтирилди", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат кызматынан жолдун катмарларын асфальтбетондоо иштери жаңы ыкма менен жасалгандыгын жана сапатына беш жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө кепилдик берилгендигин айтышты.