БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун Күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Андан соң Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик монументине да гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду.
Мындан тышкары, мамлекет башчы Ашхабадда 2017-жылы Азия оюндары өткөн олипиадалык шаарчасын жана Ашхабад текстиль комплексин көрүп чыкты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен барып, Аралды сактоо фондусунун эл аралык саммитине катышмакчы.