БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Facebook тармагында ишкерлер үчүн жабык тайпа ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, социалдык тармактар аркылуу министрликтин ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн талкуулар бир топ жакшы жыйынтыгын берүүдө.
"Негизги кемчилиги — талкууларга фейктер аралашып кеткени. Алар же сүрөтүн же өзүнүн анык аты-жөнүн жазбайт. Ошол себептүү анын бул маселеге кандай тийиштиги бар экенин билбейсиң. Бул, албетте, талкуунун кадырын түшүрүп коюп жатат", — деди министр.
Министр кошумчалагандай, тайпага "текшерүүдөн өткөн" гана адамдарга комментарий жазууга уруксат берип койсо болот.
Мындан тышкары, Панкратов эгер коомчулук бул демилгени колдоп берсе, тайпага сөзсүз түрдө министрликтин кызматкерлери кошулуп, ар кандай суроо-талаптарга ыкчам жооп берип турарын билдирди.