Кара-Кулжада мал союп күйдүргү жуктургандар бир айылды дүрбөлөңгө салды

Дарылерлер этти бөлүп алган 51 үй-бүлөнү үйүнө барып кароодон өткөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Калматай айылында күйдүргү илдетин жуктуруп алган делип ооруканага жактырылган 12 адам дарыланып бүттү. Учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Сабыржан Абдыкеримов билдирди.

Тукумсуз болуп каласың! Кыргызстандыктар оңой жуктуруп алчу 5 дарт
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 10 бейтап үйүнө чыгарылып, калгандарын дарылоо процесстери соңуна чыгып калды. Айылда оорунун жайылып кетүү кооптулугу жок.

Эскерте кетсек, 6-августта жергиликтүү тургундар өз алдынча мал союп этин бөлүп алышкан. Андан алты күн өтүп мал союуга катышкан сегиз эркек, төрт аял күйдүргүгө шектелип Кара-Кулжа райондук ооруканасына жаткырылган. 

"Лабораториялык анализдердин негизинде беш кишиден күйдүргүнүн козгогучу аныкталды. Калган жети кишинин диагнозу клиникалык жана эпидемиялык негизде коюлду. Айылдагы 14 күндүк карантин бүгүн алынды. Малдын эти 51 үй-бүлөгө (168 киши) бөлүнгөн экен. Айрымдары этти жеп алган, андан калганын алып келип өрттөп жерге көөмп жок кылдык. Негизи мындай этти жарым саат кайнатса негативдик микробдору өлөт. Атайын штаб түзүлүп дарыгерлер үймө-үй кыдырып этти кармап же аны жегендерди кароодон өткөрдү. Эч кимден оорунун белгилери байкалган жок", — деди Абдыкеримов.

Ошондой эле ал бул оору адамдан адамга жукпай турганын кошумчалады.