БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 25-августта республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +25…+30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +21…+26 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы +28…+30 градуска жетет.