Азиададан алгачкы алтын! Төрөкан Багынбай уулу намыска жарады. Толкуткан сүрөттөр

Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарынан алгачкы алтын медалды алып келди. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында айтылат.

Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.

1 / 5
Жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарынан алгачкы алтын медалды алып келди.
2 / 5
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.
3 / 5
Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан.
4 / 5
Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.
5 / 5
Бул Азиядадагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Азиадада алтын уткан Багынбай уулунун сүйүнүчү, жеңиши... Видео
Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Бул Азиядадагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Ушуну менен Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны онго жетти. Буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынган.