Таласта 40 жаштагы аял дарыяга агып кетти

Кырсык 21-августта болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 40 жаштагы аял агып каза болгонун ӨКМ билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат 22-август күнү түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 13.10до келиндин сөөгү табылган.

ӨКМ куткаруучулары аны ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылды.