Экотехинспекциянын иштен айдалды делген кызматкери боюнча орун басар үн катты

Маалымат катчы Анара Мамбеталиеванын айтымында, анын бир нече кесиптеши коррупциялык иштерге аралашканы боюнча видео далилдери болгону үчүн иштен алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев иштен алынды делген мекеменин маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын ведомстводогу коррупция боюнча билдирүүсүнө комментарий берди.

"Мамэкотехинспекцияда коррупция жок. Учурда мен эмгек өргүүдө болгондуктан Мамбеталиеванын иштен алынышына комментарий бере албайм. Ага коркутуулар болгондугу боюнча да эч нерсе айта албайм. Жетекчи эртең келсе, өзү маалымат берет", — деди Артыкбаев.

Салык кодексиндеги өзгөрүүлөрдөн кыргызстандыктар эмнени күтсө болот
Анткен менен Артыкбаевдин кабылдамасындагылар анын эмгек өргүүдө экенин билбей турганы маалым болду. 

Мамэкотехинспекциядагы чуу 22-августта коомчулукка чыкты. Ведомствонун маалымат катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы чыгып, кайсы объектинин артында ким турары тууралуу видео далилдери болгону үчүн иштен алынганын жар салган.

Ал ошондой эле видео далилдерди ачыкка чыгаруудан коркуп жатканын, себеби буга чейин эле коркутуулар болуп келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирген. Мамбеталиева укук коргоо органдары анын коопсуздугуна кепилдик бергенде гана коррупциялык схемалардын бетин ачып берерин кошумчалаган.