БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун аукционун өткөрүп жаткан маалда Мамлекеттик сатып алуулардын системасы иштебей калды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Эмне себептен система иштебей калгандыгын адистер учурда тактап жатышкандыгын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров түшүндүрдү.
"Биз азыр мүчүлүштүктүн себептери боюнча корутундуну техникалык адистерден күтүп жатабыз. Ошондон кийин маалымат беребиз", — деди ал.
Шатемиров ошондой эле сынак башка тараптарды дагы кызыктыра баштагандыгын белгилейт. Сынактын жыйынтыгын чыгарып жатканда эки жергиликтүү жана бир чет элдик компания билдирүү таштагандыгын кошумчалады.
"Megaline чындыгында эле ал акционго катышкан, бирок ал жерде көрсөтүлгөн сумма арыздагыга дал келбейт", — деп компаниянын коммерциялык директору Руслан Жайнаков билдирип, алар берген сумманы айта албай тургандыгын айтты.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуу үчүн тендер 20-июлда жарыяланган. Баштапкы баасы 2,5 миллиард сом. Тендердин шарты боюнча алдын ала акча төлөө каралган эмес. Бардык каражаттар жабдуулар кабыл алынгандан кийин гана төлөнөт.
Эске сала кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи тендери жокко чыгарылган. Андан соң 2015-жылдан башында россиялык "Стилсофт Бишкек" компаниясы утуп чыгып, орто жолдо Ички иштер министрлиги анын талаптарына көнгөн эмес. Кийин ал долбоорду ишке ашыруу кытайлык Huawei компаниясына өткөрүп берилмек, бирок милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу кыргыз тарап келишимден чыккан.