Финпол: жол оңдоодо аткаминерлер миллион сом кымырып алышкан

Мамлекетке 1,73 миллион сом зыян келтирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Сокулукта жол оңдоо учурунда чиновниктер ири сумманы өзүнө ыйгарып алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Экотехинспекциянын иштен айдалды делген кызматкери боюнча орун басар үн катты
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2017-жылы Сокулук айыл өкмөтү жол оңдоо боюнча тендер өткөргөн. Натыйжада 6,178 миллион сом сунуштаган "К.К" ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган. Айыл өкмөттүн жооптуу кызматтагылары документтеги маалыматты өзгөртүп, аталган компанияга тиешелүү каражатка миллион сомдон ашыгыраак кошуп которуп беришкен. Анын кесепетинен мамлекетке 1,73 миллион сом зыян келтирилгени маалым болду.

Сокулук районунун прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315 (Документтерди жасалмалоо) беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө жүрүп жатат.