БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Аламүдүн базарынын жанындагы жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөгү лифт бүгүн иштей баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.
Кийин окуянын күбөсү лифт токтоп, эшик ачылбай калганда бир нече адам ичиндегилерди чыгарууга аракет кылганын айтып берген. Анын билдиргенине караганда, сырттагы кишилер лифтинин өзүндөгү номерге жана ӨКМ куткаруучуларына телефон чалышкан. Бирок ичиндеги адамдарга аба жетпей бараткандыктан, аларды күтпөй эле айнекти сындырышкан.
Болотбековдун айткандай, "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын ички регламенти боюнча кызматкерлер чакыруу болгон жерге 60 мүнөттүн ичинде келиши керек. Алдын ала маалыматтарга карганда, чакырган адамдар лифтинин эшигин 20 мүнөттөн кийин талкалай башташкан.
"Учурда биз кайсы убакта чакыруу болгонун жана лифт кызматкерлери качан келгенин тактап жатабыз. Алар милицияга кайрылып, учурда эшикти талкалаган жарандар кимдер экени аныкталууда", — деди Болотбеков.
Ал кошумчалагандай, бардык жагдайлар териштирилет, бирок лифтини бүгүндөн тарта иштетүү чечими кабыл алынды.
"Айнекти азырынча подрядчы орнотуп бермей болду, анткени мындай айнектер базарда сатылбайт. Азыр анын ордуна башка материал кое турабыз. Тергөө иштери лифт кызматкерлери кеч келгенин аныктаса, чыгымды алар төлөйт. Эгер шаар тургундарынын күнөөсү болсо, анда ошолор чыгымдын ордун толтурууга милдеттүү", — деди аким.
Аламүдүн базарынын жанындагы өтмөк былтыркы жылдын ноябрь айында ачылган. Көпүрөгө кары-картаңдар менен майыптарга жеңил болсун деп лифт орнотулган.