Келиндин келиши менен кайнененин колу узарган дешет. Ошол эле учурда бирөөнүн үйүнө бүлө болуп барган кыз орун-очок алганга чейин бир топ кыйналат. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет келин алган тарапка болбой турган нерселерин тизмектеди.
Жалгыз жөнөтпөйт. Жаңы келген келин орун-очок алганга чейин үйдөн алыс чыгарган эмес. Туугандары кастарлап келинди отко киргизип чакырат, ага чейин басып барбайт. Ошондой эле келинди ата-энесинин үйүнө жалгыз жөнөтпөйт. Төркүлөтүп баргандан кийин гана келин ата-энесиникине каттай берсе болот.
Кагып-силкпе. Каалашынча эркелеп, каалагандай басып-туруп жүргөн кыз бирөөнүн үйүнө бүлө болуп баргандан кийин көнө албай кыйналары айдан ачык. Элеңдеп өзү араң турган келинди кагып-силкип турсаңыз ал чөгүп кетиши мүмкүн. Андан көрө өз кызыңыздай көрүп акырын айтып, деп, билбегенин үйрөтүп койгонуңуз туура болот. Келе калып эле иштин баарын шыпылдап жасап кетет деген ойдон алыс болуңуз. Эстүү болсо өзү эле этекке чаптырбай алып кетет.
Очокко "байлап" койбойт. Жаңы келген келин алгач көшөгөдө отурат. Анын кызматына суусап турсаңыз дагы бир аз чыдап коюңуз. Тойдун эртеси эле көшөгөдөн сууруп чыгып шыпыргыны колуна карматып, бир чара идишти астына коюп, анысы аз келгенсип казан толо тамак жаса деп баарын жүктөп койсоңуз айласы кетип калат. Сөзсүз эле келиндин ишин бир күндө көрүш керек эмес да. Аман болсоңуз өмүрүңүздүн аягына чейин сиздин кызматыңызда болот. Жаңы келген келин көшөгөсүн көгөртүп отурсун. Сиз деле келин болгонсуз го. Болбосо өзүңүздүн кызыңызды да бирөөнүн үйүндө ушинтип жатканын элестетип көрүңүзчү.
Быт-чыттын баарын айта бербе. Жаңы келиндин көзүнчө үйдөгү арман-айыңды айтып, балдарды тилдеп уруша бербейт. Айрыкча анын күйөөсүн мурункудай эле тилдей берүү туура эмес. Уулуңуз келинчегинин алдында басынып калат.