Салык кодексиндеги өзгөрүүлөрдөн кыргызстандыктар эмнени күтсө болот

Бир айдан ашыгыраак убакытта Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Өзгөрүүлөрдүн күңгөй-тескейин экономика министри түшүндүрүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Экономика министри Олег Панкратов маалымат жыйынында Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди. Sputnik Кыргызстан агенттиги өзгөчө маанилүү деп эсептеген жаңы шарттарды тизмектеп чыкты.

Министрдин айтымында, өзгөртүүлөргө президент кол койду. Жакынкы күндөрү ал коомчулукка жарыяланып, ошондон бир ай өткөн соң расмий күчүнө кирет.

Сентябрь келе жатат, салык төлөөнү унутпагыла! Салыкчылар эскертти
1. Көзөмөл-кассалык машиналарга альтернатива катары компьютер, планшет жана мобилдик телефондорду колдонуу сунушталды. Болгону керектүү программаны жүктөп алуу зарыл. Бул ыңгайлуу жана ашыкча чыгымсыз болот.

2. Кошумча нарк салыгын кайтаруу боюнча комиссияны жоюу. Коррупция жана жамааттык жоопкерсиздиктен арылуу максаты бар. Эми 500 миң сомго чейин сумманы кайтаруу чечимин жергиликтүү салык органдары, андан жогору сумма боюнча Мамлекеттик салык кызматы кабыл алат.

3. Мурда айыл чарба кооперативдери жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгын толугу менен төлөшчү. Эми бул сумма регионго жараша орточо айлык эсептелип, ошол суммадан гана алынат. Бул салыктын өлчөмүн азайтууга шарт түзөт.

4. Киреше салыгынан машина-трактордук станциялар, соода-логистика борборлору жана айыл чарба кооперативдери бошотулат.

Панкратов коомду дүрбөлөңгө салган салык тууралуу айтып берди
5. Машина-трактордук станциялар, соода-логистика борборлору жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр соко жана тырмоочу техниканы сырттан сатып алган учурда кошумча нарк салыгынан бошотулат.

6. Министрдин айтымында, сентябрдан тарта айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларга кошумча нарк салыгы салына баштайт. Албетте, бул аларга сокку болушу мүмкүн. Ошондуктан ата мекендик сырьелорду алгандарга жеңиликтер каралган.

7. Анткен менен айыл чарба продукцияларын кайра иштеткендер, айыл чарба кооперативдери жана машина-трактордук станциялар сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Бул нерсе бир топ фермерлерди бир кооперативге биригип, товардын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет. Мындан соң алар Россиянын базарларына чыга алышат.